|
Укук маданияты
|
|
УКУК МАДАНИЯТЫ – белгилүү бир жалпылыктын (мамлекеттик, диний, этностук) мүчөлөрү кабыл алган жана алардын ишмердиктерин жөнгө салуу үчүн колдонулуучу укуктук каада-салттардын, жүрүм-турум көнүмүштөрүнүн жана ыктарынын, принциптердин, укуктук идеялардын, баалуулуктардын тутуму. У. м. коомдун укуктук жашоосунун «сапатын», коомдун укуктук аң-сезиминин, укук иштеринин өнүгүү деңгээлин, ошондой эле мамлекет жана жарандык коом тарабынан адамдын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепилденишинин даражасын көрсөтөт. Мында бүтүндөй бир жалпылыктын (коомдун) У. м. жөнүндө, ошондой эле айрым инсандын (жеке адамдын) У. м. жөнүндө айтууга болот. Укук теориясында У. м-на карата: «жогорку», жана «төмөнкү» У. м. жөнүндө, коомдун жана инсандын У. м-н жогорулатуунун зарылдыгы жөнүндө баа берүү мамилеси бар. Ошол эле учурда жалпылыктарга (коомдорго) колдонууда аркыл У. м-нын салыштырууга болбостугу тууралуу пикирлер да айтылып жүрөт.
|